• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Ошибка

Unable to connect to NBKR server.
1870 Категория: Мнение эксперта - Published: 14/05 - 09:39

БИШКЕК, 14-май. — Eurasia Today. Учурда  казинолорду кайрадан ачуу тууралуу демилге коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул демилгени көтөргөндөр кумар оюну ойнотулган жайга жалаң чет элдиктер киргизилерин айтышууда. Бирок ага ишенбегендер да көп.

2009-2010-жылдары болсо керек эле, 17 жаштагы "Улан" кичирайонундагы короонун биринде асынып алды. Жакшы окуган, КВНде ойногон, шаардык, жакшынакай, шайыр улан эле. Бар кемтиги - жетимдиги. Чиедей бир тууганын сыздатып кете берди. Көрсө, Улан жашыруун казиного каттап жүрчү экен. Көйгөй баягы эле "акча утуп каламбы" деген азгырык. Ошентип далай мадыра баш азапка малынып, же ата-эне, жакынына айта албай, айтса да карыздан карызга тереңдеп батып, доочудан качып, тутулганы тутулуп, азы гана кутулуп, өзү эле эмес, жакындарын бүт азапка салгандар чекеден эле болду.

Түбүң түшкүр азгырыкка көбүнчө жалаң жаштар менен жаш үй-бүлө курган жигиттер, анан дагы бир жаманы мамлекеттен айлык алып иштеген милиция менен мугалим, окутуучу, айрым учурда аял окутуучулар да кездешпей койбойт экен. Жеңил акчанын азгырыгы ай. Кредиттен кредит алып ойногон айымдар да бар дешти. Чириген байлар менен аттуу - баштуу аткаминерлер үзүлүп түшпөйт деле окшобойбу, 1000 сом утса дароо токтотуп, ошонусуна пиво ичип алып, акырын жылып, чыгып кетет дейт. Автоматты кучактап, буркурап боздоп минип келген машинасын, үйүнүн документин, болгон дүнүйө, мүлкүн таштап баягы эле жарды-жармач, мадыра баштар калат экен.

Эң жийиркеничтүү жана коркунучтуусу - мамлекет өзү көз жумуп, шарт түзүп бергени болду. Бишкек шаарынын тургундарынын эсинде болсо, 2014-2016-жылдары электр энергиясы үчүн келген эсеп дүмүрчөктөр сакталса, бир карап көрүшсүн, этектей болгон дүмүрчөктүн арткы бети бүтүндөй казинонун жарыясы болчу. Правда- Кулатов болсо керек эле, бир кореец мырзанын аты менен ( кожоюну) ар ишемби сайын лото ойнотулат деген жазгырма, азгырма кулактандыруу эле. Көрсө, ал жер казино экен. Ичине кирбедим, сыртынан гана көргөм. Атактуунун баары эле ошонун айланасында экен. Бакандай болгон Кожомкул атындагы спорт ордобуз бар. Дал ошонун кире беришинде дааратканын эшигиндей болгон маскировкаланган эшик бар экен эле, аны да жөн адам байкабайт болчу.

Анык дөө-шаа баш болгон жиликменин баары ошол жерге каттайт экен эле, көрсө. Спорт ордого деп кокус адашып кирип алчу болсо, түтүнгө чулганган кумаркананы кирип көрүп чыкмак. Ошол жылдары Алмазбек Атамбаев мырзанын бийлигинин тушу, казинолор жабык делгени менен көмүскөдө катуу иштеп жатты. Ал турсун соода маркеттеринде автоматтар ачык эле коюла баштаган. Токтогул көчөсүндө "Боорсок" деген маркет бар эле. Кире беришине 2 автомат туруп калды. Жанындагы терминалга жакындагандан коркосуң, тиги автоматта бар дүйнөнү эстен чыгаргандай, заар чача, канталаган көзү менен теше тиктеп, өзүн жоготуп тургандарды күндө көрөсүң.

А. Атамбаев мырзанын айланасындагы таасирдүү бир полковникке жолугуп калдым, сөз арасында айттым. 1 жумага жетпей баягы автоматтар алынды. Ошол жылдары (көмүскөдө дагы бар)17дей казино болсо, анда 15 000ге жакын киши иштейт, алар кайда барып нан таап, кантип жан сактайт деп митингге чейин чыгышты. Асынып өлүп алганы, тагдыры талкаланып, үй-бүлөсү бузулуп, оокат эмес, өзүнө - өзү ээ боло албай башын ала качып, тентип, безип кеткендерчи? Суицид, кылмыштуулукка жол ачкан бизнестен пайда көрмөк турсун, акылга салуунун өзү коркунучтуу.

Былтыр эле Киев-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде да ушундай бир көмүскө автомат иштеткен жай бар окшобойбу. Күндө бир эне баласын издеп, күндө бир байкуш башын муштап, жер тепкилеп отурат деп айтышты. Ушунчалык оор, жагымсыз, жийиркеничтүү тема жана бизнес деп билем - казинону. Бүгүнкү күнү кайрадан күндүн темасына айланып, талкууга түшкөнүнө катуу капамын. Турист үчүн гана салынып, кыргыз баласынын буту жетпес аска-зоонун арасына, изоляциялап курган күндө да - бюджетке түшөөр пайда эмес, арам акчадан ата журттун абасын да ыраа көрбөгөн кызганычтамын кыскасы!

Айчүрөк Борукеева.

(материал автордун социалдык тармактагы барагынан алынды).

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети