2390 Категория: Мнение эксперта - Published: 25/04 - 10:06

БИШКЕК, 25-апрель. — Eurasia Today. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек эместиги тууралуу сунуш коомчулукта кызуу талкууланууда. Эгер ушул демилге өтүп калса, анда анын кесепети кандай болот” Бул маселе боюнча Парламенттин экс-депутаты жана мурдагы билим берүү министри, профессор Каныбек Осмоналиев өз оюн төмөндөгүчө билдирди.

Конфуций айткан: "Ар дайым окуп жана аны тынбай өркүндөтүү кандай жагымдуу жана пайдалуу!" - деп. Муну кыргыздар байыртан эле: "Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат!"-деп эле так кесе айтып, бүтүм чыгарып койгон. XXI кылым жаңы технологиялардын доору болуп, улам күчөп баратса биздин кээ бир депутаттарыбыздын кайра артка кетишип, "парламенттин мүчөсүнө жогорку билимдин кереги жок!"- деген сунуштарына жол болсун! Аларды кайсы "кара теке сүздү?" түшүнбөй турам". Мен бул демилгени кыргыздын келечегине кыянаттык кылуу деп эле кабыл алдым. Антип айтууга моралдык-психологиялык акым бар. Быйыл педагогикалык эмгек стажыма толук 45 жыл болду. Мыйзам демилгечилеринин кимиси мектепте же кесиптик окуу жайларынын 3 тепкичинин, болбоду эле дегенде бирөөндө иштешти экен? Мени кыжаалат кылганы алардын баары жогорку билимдүү депутаттар. Эң кызыгы, бешөө менен тең мамилем жакшы, аларды терең билимдүү инсандар катары сыйлап келем!

 Менимче, кандайдыр бир кара күчтөр мажбурлап койгондой, ал инилерими? Эми маселенин маңызы жөнүндө. Бул проблеманын биздин өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар экендигин баса белгилеп коюум керек. Кыргыздын өзгөчө касиети - бул билим алууга умтулуусу. Кээ бир кошуналарыбыз тейлөө тармагына гана бой уруп, ошону менен оокаттарын өткөрүүгө каниет кылышса, кыргызым болсо, акыркы эчкисин сатып болсо дагы уул-кызын окутат. Анын мындай касиети, айрыкча Совет доорунда катуу өнүккөн. Кыргыздын мындай аракетин мен,  анын пассионардык касиетинин туундусу катары баалап келем. Тилекке каршы,  эгемендүүлүгүбүздүн башынан тарта эле ошол кездеги ач көз бийликчилдер билим берүү системасына көңүл бурбай, аны талатып-тонотуп жиберди.

Андан дагы чоң коркунучтуусу билим системасын толугу менен акча жасамай жолго салып коюшту. Буга Батыштын  либералдык саясатынын кедергеси дагы катуу тийди. Эң сонун советтик сисеманы ойрон кыла турган псевдо программаларды бизге таңуулап башташты. Андай аракеттер ири суммадагы каражаттар менен кошотолуп турду. Натыйжада,  билим берүү салты менен  сапаты оңбогондой кыйроого кептелди. Студенттин алган билимине шайкеш келбеген дипломдор оңду-солду таркатыла баштады. Мен муну 9 ай министр болгон кезимде ичинен билип-көрдүм. Чырылдап каршы чыга баштадым. Мафия ушунчалык күчтүү болгондуктан, бизге окшогондорду "эл душманына айлантышты", четтетишти, куугунтукташты. Ал эми акчаны күргүштөтүп "жасаган" билим берүү ситемаларынын көпчүлүк жетекчилери бийликтин сүймөнчүктөрүнө айланышты. Ардактуу наамдарга, абройлуу кызматтарга көтөрүлүштү. Мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Бирок, билим берүү системасы кыйрай баштады да. Анан жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү окубай эле жогорку билимдүү дипломдорго ээ боло башташты. Алардын алды азыр, парламентке мүчө болушуп, аткаруу бийлигинин түрдүү кызматтарына келишти. Өз функциясын сапатсыз жана сабатсыз аткаруу көндүм эле иш болуп калды. Эсиңиздердеби, бир министрибиз "бир-эки ката жазуудан эч нерсе болбойбуз" - дегендей айтты го! Анын мындай наадан сөзүнө эч кандай баа берилген дагы жок. Натыйжада,  билим берүү системабыз оңбогондой деградацияга учурады!

Эми ушундай аянычтуу абалыбызды "өлгөндүн  үстүнө көмгөн" кылышып, билимсиздикти мыйзам менен бекитишип, биротоло караңгы жолго түртүп жатышат. Сырткы диверсия болгондой эле сезилип жатат, мага! Элестетип көрүңүздөр, эгер бул демилге өтүп кетсе, биринчи эле мектеп окуучуларынын аң-сезими өзгөрөт. Окууга болгон стимул жоголот. Билимдин формалдуу жагы күчөйт, Пара берүү жана алуу ачыкка чыгат. Коом деградацияга кабылып, билимсиздер менен билимдүүлөрдүн поляризациясы башталат. Жаңы мыйзам кабыл алынса ал билимсиздерди колдойт дагы, туташ караңгычылык күчөйт. Жаштарыбыз заманбап технологияларга кире алышпай, кара жумуш менен эле алек болушат. Кыргыздын генофонду жабыркайт. Башка билимдүү уулттарга баш ийишип, алардын нөөкөрлөрүнө айланышыт!

 Жогорку Кеңештин 90 эле депутаты бар. Саны боюнча жалпы кыргызстандыктардын бир чымчымын эле түзүшкөн аларга жогорку билимдин кереги жок деген шылтоо менен бүтүндөй кыргыз элин кайгыга салып койбойбузбу? Эми элестетип көрүңүз, 9-классты бүткөн жараныбыз парламентке депутат болду дейли. Мейли чечен сүйлөсүн, башы укмуш иштесин, базарда же дагы бир жайлардан оңбогон байлыктарга ээ болуп келсин. Мындай депутатыбыз бюджетти коргоп, ратификациялык келишимдердин маңызына түшүнүп, мыйзамдын, токтомдун төркүнүн туюп-билип, анан түрдүү публикалык комиссияларда, ЖКнын эле комитеттеринде, пленардык отурумдарда, фракциялык иш-чараларда  ачык дебаттарга чыга алабы?

 Парламенттер аралык ассамблеяларда чет өлкөлөрдүн жогорку билимдүү депутаттары менен тизгиндеш болуп, керек болсо аларга өзүнүн оюн таңуулап, жогорку интеллектуалдык деңгээлин көрсөтө алабы? Же, бир депутат айтты эле:"Каныбек ага, Эстонияда окупсуз. Ал өзү кайда?" - дегендей осол деңгээлдерибизди ашкере кылып, артыбыздагы муундарга "үлгү" болуп жүрө беребизби?

 Менимче, азыркы аянычтуу абалыбыздын себептерине көңүл буруубуз абзел. Анын натыйжасы менен күрөшүү болбогон иш! Темирдей катуу тартип менен ЖОЖдорго реформа кылууну бүгүн эле баштоо керек. Мында тааныш-билиш, кудаа-сөөк, карындаш-урук деп келжиресек эле өлдүк дей бергиле! Студенттердин санына бой уруунун кереги жок. Ал паракор, акча жасагандардын эле кызыкчылыгы болуп калган. Мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду оңду-солду берүүнү токтотуп, аны катуу ылгап, жогорку билим берүү абдан престиждүү деңгээл экендигине жетишүү зарыл. Бул келечекке жол ачат. Парламенттин дагы сапаты жогорулайт. Курулай популизм менен эч кандай эрезеге жете албайбыз, жакшылар!

Даярдаган Эмилбек Момунов.

Теги: