БИШКЕК, 9-март. — Eurasia Today. Украина-Россия тиреши күн санап күчөп баратат.
Украина эгемендиги менен мамлекеттинин бүтүндүгүн коргосо, Россия келечек коопсуздугу менен дымагын коргоп жатат. Чынын айтыш керек, англоамерикалык НАТОнун орустарды көздөй жылышы Россиянын коопсуздук саясатына каршы. Мына ушундан улам кайсы бир тарап абсолюттук чындыкка эгедер деп айтыштын өзү акылсыздык. Эки тараптын тең өз чындыгы бар. Өз позициясын коргоп жатышат. Дал ушул себептерден коомчулук эки жээкке бөлүнүп, бири орусту, бири украиндерди колдоп жатат.
Эми бизге келели. Ушул кезге чейинки Акаев баштаган президенттердин баары Россия менен ар багыттагы келишимдерге кол койгондо, "Россия Кыргызстандын стратегиялык жана экономикалык өнөктөш мамлекети" деген кагазга кол тамга калтырышат. Тилекке каршы, Украина менен "стратегиялык өнөктөш" деген документ кабыл алынганын билбейт экенбиз. (Мен бул жерде кайсы бир мамлекетке жан тартайын деген оюм жок, болгону реалдуу чындыкты моюундагым келет.) Миллионго жакын мекендештерибиз Россияда тышкы миграцияда. Өлкөбүздүн бюджетине барабар болжолдуу 2,5-2,7 миллиард доллар миграциядан келет. Анын он пайызга жетпегени гана башка мамлекеттердеги мигранттардан келбесе, токсон пайызга жакын каражат Россиядан которулат.
Дал ошол сырттагы миграциядан келген каражаттар Кыргызстанды социалдык чыңалуудан сактап, эл той-аш берип, аймактарга кабаттап үй салып, катар-катар машине минип, Бишкек-Ош-Жалал-Абад шаарларындагы жаңы турак-жай, имараттар ошолордун эсебинен курулуп жатат. Ушундай кырдаалда Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?
Эл аралык жана мамлекеттер аралык келишимдерди айтпаганда да социалдык базабыздын чама-чаркын көрүп туруп, "Украинага даңк" деп кантип кыйкырабыз? Биз Украинаны колдош үчүн тегерегибиздеги авторитардык, отуз жылда араң бирден президент алмаштырган Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан демократиялуу болуп, Европадагы эң алдынкы Франция, Германия, Италия сыяктуу кубаттуу өлкөлөр курчап турса кыйкырсак болот.
Бирок биз, демократиялуу өлкө катары жана Эл аралык донорлор менен тыгыз иштешкен мамлекет болгон соң жарандык коомдун оозун басып, Украинага тилектештик билдирген адамдарды кодулоо мыйзамсыз экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Менимче азыр биздин бийлик тышкы саясатта туура эле позицияда бара жатат.
Мисалы, кечээ эле Тышкы Иштер министри Руслан Казакпаев Кремлде туруп жалпак тил менен айтканда "Тараптардын тирешүүсү эки өлкөгө эле эмес, дүйнөгө катастрофа алып келиши мүмкүн, анын акыркы кесепети жаман. Тезирээк диалогко келгиле. Макул десеңер биз аянтча болуп берели. Бизде Армения-Азербайжан, Рахмон-Абдулло Нури боюнча тажырыйба бар. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт",- деди. Мындан артык кандай позиция болуш керек? Дүйнө коомчулугунун бир бөлүгү катары биздин Украин-Орус маселесинде менимче мындан артык позиция болбойт.
Төлөгөн Сулайманов, журналист.