2916 Категория: Мнение эксперта - Published: 03/03 - 15:38

БИШКЕК, 3-март. — Eurasia Today. Мен учурда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов тарабынан аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатууда ашкере чыгымдарга жол бербөө, ири мүйүздүү мал союуга тыюу салуу тууралуу жазылып,  талкууланып жаткан мыйзам долбоорун эки колумду көтөрүп колдоймун.

Ал тургай бул демилгени президентибиз Садыр Жапаров да өзүнүн Фейсбук баракчасында колдой тургандыгын жазып, өзүнүн атасы сексенден ашканда көзү өткөндө жана тун уулу Дастан мезгилсиз дүйнөдөн кайтканда да ири мүйүздүү мал сойдурбай койгондугун мисал келтирди. Ошол эле учурда мамлекет башчыбыз бул мыйзамдын аткарылышын жергиликтүү айыл өкмөттөрү баш болгон чиновниктер көзөмөлгө алып, эгер өздөрү ушундай ысырапкорчулукка жол беришсе, кызматтан алынып, ири суммада айыппул төлөй тургандыгын эскертти.

Бир чети коронавирус пандемиясынан кийинки каатчылык заман, өткөн жылы кургакчылыктан улам түшүм аз болуп, акыркы күндөрү орус-украин тирешүүсүнөн келип чыккан кризис да ар бирибизди эсибизге келтирип, үнөмдүү жашоого, ашкере чыгымга жол бербей тургандай жашаш керектигин үйрөтө тургандай эле сабак болууда. Мындан ары, эртең кандай жашоо болору да бүдөмүк.

Негизи бул мыйзамды 30 жыл мурда эле кабыл алыш керек болчу. Бирок бир да жетекчилерибиз мындай кадамга бара албай коюшту. Кайра өздөрү туулган күнүн, бала-чакаларынын баш кошкон тоюн, көзү өткөн жакындарын дүңгүрөтө турган мааракеге айлантып, Ала-Тоодой эт, ала көлдөй чык менен өткөрүп келишти. Аларды көргөн карапайым кыргыз куру намыска алдырып, акыркы уюн союп, үйү менен машинасын болсо да сатып, керек болсо кредит алып той берип, тажия өткөрүүдө. Натыйжада карыздан кутулуу үчүн кредиттен кредит алып, чет өлкөгө иштегени кетип, кул болуп иштеп жүрүшөт. Бул көрүнүш ар бир үй-бүлөнү сызга отургузуп, айланып келип мамлекетибиз кедейчиликтин айлампасынан чыга албай жатат. Айтор, аш-той менен маркумдун тажиясы элибиз менен мамлекетибизге согуштай эле кесепети тийип, зыян келтирүүдө. Бул эч кандай акыл-эске да, цивилизациялуу коомго да шайкеш келбей турган куру намысчылык.

Эми депутаттар менен президент эч коркпой эле ажылык зыяратка да убактылуу болсо да тыюу салыш керек. Анткени жыл сайын 5-6 миң адам Меккеге барып, ар бири 5 миң доллардын тегерегинде акча кетиргенде эле миллиондогон доллар ал жакка агып кетип атпайбы. Негизи көпчүлүк эле алардын бул демилгесин колдойт.

А. Жаныбеков.

Теги: