• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3041 Категория: Мнение эксперта - Published: 14/02 - 16:30

БИШКЕК, 14-февраль. — Eurasia Today. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бийликти 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп бериши мүмкүн. Мындай пикирин «Московский комсомолец» басылмасы маектешкен эксперттер билдирди.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперттердин пикиринде, мындай шашуунун эки себеби бар: Бердымухамедовдун өзүнүн ден соолугу жана Казакстандагы нааразылык акциялары.

“Казакстандагы январдагы нааразылык акциялары тышкы бакубаттуулуктун артында терс процесстер катылганын көрсөттү. Экинчи жагдай - анын ден соолугунун абалы. Бул маалымат өлкөнүн жабык болгондугуна байланыштуу жарнамаланбайт, бирок, коронавирус менен ооругандан кийин көйгөйлөр бар болушу мүмкүн”, - деп түшүндүрдү Борбор Азия өлкөлөрү боюнча адис Аждар Куртов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралда Элдик Кеңештин жыйынында жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү керек деп билдирген.

Эртеси өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартта өтө турган кезексиз президенттик шайлоого даярдыктар башталганын жарыялаган.

Бердымухамедовдун президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт, бирок 2016-жылы кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөр ага өмүрүнүн аягына чейин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Мына ушул себептерден улам алдыдагы бийлик алмашуу көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

Мыйзамга ылайык, Түркмөнстандын башчысы кызматына 40 жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, өлкөнүн аймагында туулуп-өскөн жана акыркы 15 жыл бою туруктуу жашаган жаран талапкер боло алат.

Куртовдун айтымында, өлкөдө олуттуу оппозиция жок болгондуктан, бийликтин атадан балага өтүшү оңой болот. Бердымухамедов бийликке келгенден кийин бир аз либералдаштырууга карабастан, өлкөнүн саясий режими Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн ичинен эң катаал бойдон калууда, ошондуктан бул жерде кандайдыр бир нааразылык акцияларын өткөрүү мүмкүн эмес.

Эксперт Сердар бийликке келгенден кийин өлкөдө айрым жумшартуулар башталышы мүмкүн деп эсептейт.

“Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы президент Сапармурат Ниязовдон катуу болгон жок. Өлкөдө реформалар жүрүп, көп партиялуу система пайда болду, интернетке уруксат берилди, жалпысынан мамлекет ачыгыраак болуп калды. Өлкө Түндүк Кореянын жолу менен барат деп ойлогонго эч кандай негиз жок”, - деп белгиледи эксперт.

Ошол эле учурда Оруссиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматери Станислав Притчин Сердар формалдуу түрдө гана президент болоруна ишенет, андыктан өзгөрүүлөр тууралуу айтууга эрте деп эсептейт.

“Бердымухамедов парламенттин спикери болуп кала берет жана өлкөдө негизги таасирин сактап калат. Сердарды атасы менен салыштырып көрсөң, Москвада, Женевада окугандыктан билим жагынан дагы бай тажрыйбасы бар. Ал саламаттыкты сактоо жаатында алектенген атасынан айырмаланып, ар кандай кызматтарда иштеген. Анын тажрыйбасы алда канча кенен, бирок атасы өлкөдө негизги таасирин сактап калаарын эске алганда, ал өз демилгелерин илгерилете алары күмөн”, - деди эксперт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети