• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
829 Категория: Мнение эксперта - Published: 08/07 - 11:06

БИШКЕК, 8-июль. — Eurasia Today.  Эксперттер Ооганстандын келечеги жөнүндө ар кандай пикирлерди айтышууда. Айрымдар расмий бийлик кулайт деп божомолдошууда.

Расмий Кабул бийликти сактап кала албайт, - деп эсептейт Москва мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк саясат факультетинин прикладдык саясий жана аскердик изилдөө борборунун башчысы, запастагы генерал-лейтенант Евгений Бужинский.

Ал жакынкы айларда Талибан Ооганстандын борборун басып алат деп эсептейт.

"Москва сүйлөйт" радиостанциясынын эфиринде сүйлөгөн запастагы генерал-лейтенант ооган өкмөтүнүн жеңилип калуу ыктымалдуулугун армиянын даярдыгынын төмөндүгү менен байланыштырды.

“Советтик аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенде, ооган армиясынын даярдыгы алда канча жакшы болгон. Ал эми азыр болсо ооган куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын деңгээли кыйла төмөндөп кетти, ошондуктан бардыгы тезирээк болот жана Кабул жакынкы айларда алынат. Талибан Ооганстандын көбүрөөк бөлүгүнө көзөмөл орнотот”, - деди Бужинский.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы кырдаал бир нече жуманын ичинде "курчуп" кетти.

Талибан согушкерлери өлкөнүн түндүгүндө активдүү аскерий өнөктүк жүргүзүп, бир катар маанилүү уезддерди жана бир нече өткөрүү пункттарын басып алды.

Коңшу өлкөлөр кырдаалга тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Тажикстан Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу чек арадагы коопсуздук режимин күчөттү.

Орусия Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаал курчуп кетсе жардам берүүгө даяр экендигин бир нече жолу билдирди.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети