БИШКЕК, 16-март. — Eurasia Today. Учурда Улуттук теле-радио компаниянын тегерегинде коомчулук арасында ар кандай пикирлер айтылууда.
Мындай талкууга эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун бир жарым миң адам иштеген УТРКнын чыгашалуу экендиги жана аны жабуу туура болору тууралуу видеоматериалы жем таштаган.
Ал эми ошол эле учурда эркин журналист Мирлан Дуйшенбаев ФБдагы өзүнүн барагында өз оюн төмөндөгүчө билдирген:
"УТРК жабылсын, мамлекеттик телеканалдар болбосун деген таптакыр туура эмес. Мамлекеттеги башкы каналдын ишин жалгыз Президенттин ишмердиги менен байланыштыруу - бул осолдук. Президенттин баскан, турганын көрсөткөндөн башка улуттун, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгындагы толтура маселелер бар. Улуттук баалуулуктар, руханий мурастар, идеология, тарых, маданият, тил, дил ж.б. Бул нерселерди мамлекеттик телеканалдардан башка маалымат булактары айтпайт, көрсөтпөйт. Бул өңүттөн алганда, «Азаттык» жабылса, андан эч нерсе жоготпошубуз мүмкүн, бирок УТРК жабылса, анда жоготорубуз оголе көп болот. Аны айтуу да, элестетүү да мүмкүн эмес. Бул алыска учууга белсенген куштун бир канатын кыркып салгандай эле кеп. УТРКнын президенттин баскан, турганын, сүйлөгөнүн чагылдыргандан башка чооң миссиясы, милдети бар. Ал эми УТРК ал миссияны канчалык деңгээлде, кандай жоопкерчиликте аткарып атат, ал өзүнчө сөздүн темасы".
Валюта курсу
Аба ырайы