БИШКЕК, 27-февраль. — Eurasia Today. Алтындын сатылышын жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Балбак Түлөбаев өткөн аптада Кыргызстан Кытайга болгон карызды каалаган учурда төлөй ала турганын айтып чыккан.
Депутаттын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Депутаттын “президент кааласа, Кытайдын 1,8 миллиард 800 долларын азыр төлөп коёт” дегени боюнча саясий эксперт Бакыт Бакетаев ар бир насыянын өзүнүн шарты болорун айтты.
“Ар бир насыянын өзүнүн шарты болот. Мен өзүм мурун кыргыз-щвейцария банкында вице-президент болуп иштегендиктен бул ишти жакшы түшүнөм. Кытайдын банктары өз мөөнөтүндө төлөш керек деген шарт менен берген насыялар көп. Алган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөсө, анда банк үчүн бир топ түйшүк жаратат. Ошондуктан, өз убактысы менен гана төлөгөн оң”, - дейт Бакетаев.
Ал ошондой эле, Улуттук банктагы каражатты Кыргызстан экономиканы көтөрө алган башка долбоорлорго пайданалса болорун кошумчалады.
Ал эми экономист Искендер Шаршеев тышкы карызды төлөөдө ал өлкөнүн келишимде көрсөткөн шарты менен гана ишке ашарын билдирди.
“Кээ бир насыя берүүчү уюмдар тышкы карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн үстөк пайызды көбөйтүп коюшат. Бул учурда карызды өз убагы менен төлөгөн оң. Ал эми келишимде ал тууралуу айтылбаса насыяны мөөнөтүнөн мурда жаап салса болот. Бул бир карызды жаап, экинчи карыз алганга жакшы шарт түзөт. Эгерде карызды төлөөгө эч ким шаштырбаса, анда өлкөдө өндүрүлгөн акчаны башка өнүктүрүүчү долбоорлорго жумшоо керек”, - дейт Шаршеев.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдан алган карызды мөөнөтүнөн эрте төксө үстөгү көбөйүп кетерин айткан.
“Ооба, карызды азыр да төлөп койсок болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, тышкы карызды график боюнча төлөгөн туура. Кудайга шүгүр, биздин карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет”, - деген Жапаров.
Ошондой эле, Финансы министрлиги да кыргыз тарап үчүн экономикалык жактан Кытай Эксимбанкына тышкы насыяларды мөөнөтүнөн мурда жабуу пайдасыз экенин билдирди.
Ал эми бир топ айтылган сындардан кийин депутат Балбак Түлөбаев анын айткандарын эл туура эмес түшүнүп алганын айтып чыкты.
“Албетте, президент, бул боюнча өкмөт, парламент менен кеңеше алат. Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1,8 миллиард 800 доллар болсо, Улуттук Банкта 45 тонна алтын жатат. Муну менен мен тек гана Кытайдын карызын төлөө үчүн жетиштүү каражат жана кудертибиз жетээрин гана айткым келген”, - деди эл өкүлү.
Акыркы маалыматтар боюнча (2022-жылдын ноябрынын аягы) Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 4,3 миллиард долларды түзөт, анын 1,76 миллиард доллары Кытайдыкы.
Улуттук банктын резервдери сомдун курсунун туруктуулугун кармап туруу үчүн зарыл. Алар ондон ашык валютадан жана алтындан турат. Январдын аягында алтын-валюта резерви 2 миллиард 750 миллион доллар деп бааланган. Алардын ичинен Улуттук банктын алтын корунун наркы дээрлик 87,4 миллиард сомду (1 миллиард долларга жакын) түзөт.
Буга чейин Финансы министрлиги мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 31 миллион сом топтолгонун маалымдаган.
Элиза Хамраева
Валюта курсу
Аба ырайы