БИШКЕК, 23-январь. — Eurasia Today. Акыркы жумаларда аба ырайынын кескин өзгөрүүсү менен өлкөдө жарык жана жылуулук күн сайын 1-2 сааттан өчүрүлүүдө. Энергетика министрлигинин айтымында, бул акыркы жылдарда Кыргызстан энергияны чегинен ашык колдонгону себеп болууда.
Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун айтымында, энергетикадагы азыр жүргүзүлүп жаткан саясатты өзгөртмөйүнчө абал оорлой берет.
“Электр энергиядагы абалды жөнгө салуу үчүн атайын реформаларды жүргүзүп, өлкөдөгү токтоп турган чакан ГЭСтердин ишин жандантсак, азыркыдай абалдан оңой чыгып кетебиз”, - дейт эксперт.
Ошондой эле Карыбеков, электр энергиясына болгон тарифтин кымбатташынан эч кандай натыйжа чыкпай турганын кошумчалады. Анткени, буга чейин дагы тариф бир канча эсеге кымбаттаган учурлар болгон. Бирок, андан Кыргызстан гүлдөп кеткен эмес.
Эске салсак, өлкөдөгү энергетика тармагындагы абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясына болгон тариф 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрүлө турганын айткан.
Акыркы жолу электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер 2021-жылы октябрь айында күчүнө кирген. Ага ылайык, аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлө 2022-жылдын башынан бери 700 кВт чейин 50 тыйындан төлөп келет.
Калган бөлүгү мурункудай эле 700 кВт чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми, мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейинки тариф бекитилген.
Өлкө аймагында 19-январдан тарта электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканы байкалган, кийин энергетика министри муну моюнуна алып, өчүрүүнүн графигин жарыялаган.
Министрдин айтымында, өчүрүүлөр күн жылыганга чейин гана болуп, барып-барып токтотулат.
Валюта курсу
Аба ырайы