БИШКЕК, 23-январь. — Eurasia Today. Белгилүү журналист Манас Осмон коомдун талкуусунда турган "Туран" маселесинин күңгөй-тескейин атайын Eurasia Today сайты үчүн жазды.
Россиянын Украинада аскердик операциясы башталгандан бери тарыхтын чаң баскан бурчунда жаткан Пантүркизм идеологиясын бирөөлөр алып чыгып, айрым жеңил ойлууларга сунуштап жатат. Түпкүлүгүндө бул бир капкан. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн айрым шовинисттери муну дени-карды соо идеология катары көрүп жатышы мүмкүн.
Эгер бул чолок идеология колдоо тапса, биздей жарым-жылаңач өлкөлөргө кыйын болот. Балким, НАТОнун эң көп аскерине ээ кайсы бир мамлекет үчүн жакшыдыр. Алар дүйнөгө мушун кезеп атканда аркасында заты жок болсо да, "Туран" бирлигинин турушу анын душмандарын чочутат. 6-7 өлкөнүн башы бириккен уюмга чүлүк салуу алардын пайдасына, азырынча, биздикине эмес.
Борбор Азиянын кожоюндугуна талапкер Казакстан үчүн деле бул керексиз нерсе. Бирок, европалыктар болбой эле түрк биримдигин түзүү аракетинде. Ал үчүн Украинада "Туран" батальонун түздүрүп, кыргыз жигитти анын башчылыгына дайындап коюшту. Азыр эч ким чотун какпай, региондун тынчтыгын ойлобой, үлкөн мамлекеттердин тузагына түшүп берип жатат. Борбор Азиянын тектеш өлкөлөрү державалардын тирешинде жанчылып калбашы керек. "Туран" турушу менен "утопия".
Ал ишке ашкан чакта деле биздин колу-бутубузду бууйт. Күч оойт. Жакынкы кылымда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тиреши башталат. Тирешүүлөрдө бышып, жетилип, региондогу таасирибизди сактап калышыбыз керек. Ага калк өзү даярдык көрөт. Окуйт, билимин өркүндөтөт, аң-сезимине төңкөрүш жасайт, улут катары калыптанат. Бүгүнкүдөй пас, кыял-жоругу бузук, тарбиясыз жана билимсиз абалы менен бир карыш өйдөлөй албайт. Дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн тиреши тиштүү тегирменге окшойт. Колуңу салсаң бүткүл денеңди жулдурасың. Андыктан, тарап тутуунун эң жакшысы - тарапсыз болуу. Муну дипломатияда "калыстык" деп жүрүшөт.
Валюта курсу
Аба ырайы