Режеп Тайып Эрдоган Түркиядагы шайлоонун бардык жыйынтыгын мыйзамдуу деп эсептей турганын айтып, «добуш берүүнүн жыйынтыгын сыйлабаган, улутту сыйлабайт» деди.
Түрк президенти 14-майдагы президенттик шайлоодо утулуп калса, бийликтен кетүүгө даяр экенин түрк маалымат каражаттарына берген маегинде билдиргенин РБК агенттиги жазды.
«Биз бийликке демократиялык жол жана элибиздин макулдугу менен келдик. Эгер [шайлоодо] элибиз башкача чечим чыгарса, анда биз демократия үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасайбыз”, — деп убада кылган Эрдогандын сөзүн Hurriyet гезити келтирет.
Президент ар кандай жыйынтыкты мыйзамдуу деп эсептей турганын айтып, «добуш берүүнүн жыйынтыгын сыйлабаган, улутту сыйлабайт» деп кошумчалады.
Эрдогандын айтымында, ал бийликте турган жылдары «эч кимдин жашоо образына кийлигишкен эмес, кандай гана карама-каршылыктуу болсо да, эч кандай идеяга тыюу салган эмес».
«Биз оппоненттерибиздин аброюна шек келтирип, аларды жок кылууга аракет кылган жокпуз. Биз террордук уюмдар менен тымызын кызматташып, бийликке жетүүнүн жолун издеген жокпуз», — дегенин Anadolu агенттиги келтирди.
Буга чейин Эрдогандын атаандашы Кемал Кылычдароглу президентти жана анын өнөктөштөрүн шайлоодо оппозиция жеңе турган болсо, шайлоонун жыйынтыгын тааныгысы келбегендиктин белгилерин көрсөтүп жатат деп айыптаганын Bloomberg агенттиги жазган.
Мындан тышкары, Кылычдароглу Россия шайлоо процессине таасир этүүгө аракет кылып жатканын Twitter-баракчасына жазган. Кремль бул айыптоолорду четке кагып, Эрдоган Кылычдароглуну “уялууга» чакырган.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Анда “Республикалык альянстан” талапкер катары азыркы мамлекет башчысы, 69 жаштагы Эрдоган, оппозициялык “Элдик альянстан” 74 жаштагы талапкер Кылычдароглу жана Ata альянсынан 55 жаштагы талапкер Ата Синан ат салышат.
Шайлоодо жеңиш үчүн талапкерлердин бири 50%дан ашык добуш алышы керек. Болбосо лидерлердин ортосунда добуш берүүнүн экинчи айлампасы өткөрүлөт — ал 28-майга белгиленген.