Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрү доллардан баш тартып, улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтө башташты.
Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фондундагы Россиянын өкүлү Алексей Можин билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Америка Кошмо Штаттары мындай кырдалды өздөрү түзүп, дүйнө долларга альтернатива издей баштоого аргасыз болду.
Ал дүйнө барган сайын башка улуттук валюталарды, биринчи кезекте кытай юанын көбүрөөк колдонуп жатканын белгиледи.
Эксперт Штаттар доллардын тагдырына тынчсызданып жатканын баса белгиледи.
“Бул бир учурда болуп жатпаганы түшүнүктүү, бирок процесс башталды”, – деди Можин.
Мындан тышкары, ал доллар – “бир өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын, экономикалык жана финансылык милдеттенмелерин аткаруу максатында” чыгарылган улуттук валюта экенин, анын дүйнөдө мынчалык кеңири колдонулушу туура эмес экенин кошумчалады.