Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдель Ати «Улуу Израиль» деп аталган долбоор жана Жакынкы Чыгышты кайрадан түзүүгө багытталган бардык аракеттер ийгиликсиз аяктай турганын билдирди.
Бул тууралуу Mehr News агенттиги RT Arabic агенттигине шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка ылайык, Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдель Аты 2023-жылдын 7-октябрынан бери аймакта болуп жаткан окуялар бир тараптуу үстөмдүк орнотуу же Жакынкы Чыгыштын картасын күч менен кайра чийүү аракеттери натыйжа бербей турганын көрсөткөнүн айтты.
Ал келечектеги аймактык келишимдер аймактагы мамлекеттердин өз ара макулдашуусуна жана жалпы консенсусуна негизделиши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, кайсы гана мамлекет болбосун, канчалык күчтүү болбосун, өз эркин же үстөмдүгүн аскердик күч аркылуу башка өлкөлөргө таңуулай албай турганын айтты.
Египеттин тышкы иштер министри «Улуу Израиль» деп аталган долбоор жана Жакынкы Чыгышты кайра түзүү маселеси боюнча берилген суроого жооп берип жатып, бир тараптуу эркти таңуулоого негизделген бардык пландар ийгиликке жетпей турганын белгиледи. Анын айтымында, келечектеги бардык аймактык механизмдердин негизин аймактагы мамлекеттердин жалпы эрки түзүүгө тийиш.
Абдель Ати ошондой эле Египет, Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистандан турган төрт тараптуу кызматташуу механизми тууралуу айтып, бул түзүм аскердик же саясий альянс эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, бул төрт таасирдүү аймактык мамлекеттин ортосунда кеңешүү жана өз ара аракеттенүүнү координациялоо үчүн түзүлгөн аянтча болуп саналат.


















