Египет Иран менен АКШнын өзөктүк келишим боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрүн колдой турганын дагы бир жолу билдирет.
Бул тууралуу Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдель Ати АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоф менен жекшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдиргенин ISNA агенттиги маалымдады.
Египеттин тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, эки тарап Газада ок атышпоо, туткундардын бошотулушу жана гуманитардык жардамдын толук жеткирилишин камтыган келишимге жетишүү боюнча Египет, АКШ жана Катардын биргелешкен аракеттери тууралуу пикир алмашышты.
Бадр Абдель Ати Газадагы согушту жана Израиль режиминин анклавга жасаган кол салууларын тез арада токтотуу зарылдыгын, ошондой эле аймакка гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Уиткофф өз кезегинде Египеттин ортомчулук ролун жана өлкө президенти Абдель Фаттах ас-Сисинин согушту токтотуу, туткундарды бошотуу жана Газага жардам жеткирүү аракеттерин жогору баалады.
Абдель Ати менен Уиткофф ошондой эле АКШ менен Ирандын өзөктүк программа боюнча кыйыр сүйлөшүү процессин талкуулашты.
Абдель Ати америкалык өкүлдүн бул сүйлөшүүлөргө берген баалары менен маалымдар болду.
Ал Египеттин бул сүйлөшүүлөрдү колдой турганын баса белгилеп, сүйлөшүүлөр чыңалууну азайтуу, тынчтык орнотуу жана аймакта туруксуздуктун жайылышына жол бербөө үчүн мүмкүнчүлүк түзө аларын белгиледи.
Белгилей кетсек, АКШ менен Иран 12-апрелден бери Омандын ортомчулугу менен өзөктүк маселе боюнча беш жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Акыркысы 23-майда Римде болуп өттү. Анын жыйынтыгында Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Оман сунуштаган механизмдер тууралуу айтып, алар сүйлөшүүлөрдө прогресске жетүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктарды жоюуга жардам бере аларын билдирди. Ирандык министр мындай прогресс бир-эки раунддан кийин мүмкүн экенин айтты.
Ошол эле учурда бешинчи раунддун алдында тараптардын ортосундагы карама-каршылыктар да болду. АКШ сүйлөшүүлөргө чейин Ирандан уранды байытуудан баш тартууну талап кылды, бирок иран тарап мындай талаптарды четке кагып, эгер АКШ Тегерандан уранды байытуу технологиясынан баш тартууну талап кылууну улантса, тараптар макулдашууга жете албарын белгиледи.
Ошол эле маалда Иран уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүнө жол берилиши мүмкүн экенин, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн көрсөтүү үчүн өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүн көбүрөөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн биринчи, үчүнчү жана төтүнчү айлампасы 12, 26-апрелде жана 11-майда Оманда, экинчиси 19-апрелде Римде өткөн.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
















