Бүгүн Тажикстандын борбор калаасы электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калды.
Душанбе шаарында жарыктын өчүрүлүшүнө электр тармактарында авария себеп болгонун республиканын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин басма сөз борбору РИА Новости агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, Душанбе шаарындагы электр тармагындагы авария Нурек ГЭСинен электр энергиясын алган подстанция ашыкча жүктү көтөрө албай калгандан улам болгон.
Шаар жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.10дон 13.54кө чейин жарыксыз калган.
Агенттиктин маектешинин айтымында, катуу сууктан улам бул гидротүйүндөн электр энергиясын керектөө көбөйүп, ал эми суу сактагычтын деңгээли кескин төмөндөп кеткен.
Мындан тышкары, борбор калаада интернет иштебей, уюлдук байланыш үзгүлтүк менен иштеп калган.
Шаардагы подстанцияда шашылыш оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 саат 44 мүнөттөн кийин электр энергиясы калыбына келтирилген, бирок уюлдук байланыш жана интернет дагы эле туруксуз иштөөдө.
Учурда Душанбеде абанын температурасы -1 градус болуп, кар жаап жатат.
Тажикстандын баш калаасынын жашоочулары өткөн аптанын аягынан тарта электр жарыгын берүүдө кескин чектөөлөргө дуушар болуп жатышканы маалымдалган. Тургундар жарык 3-4 саатка өчүрүлүп жатканын айтышкан.
Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума электр энергиясын чектөөгө өлкөнүн экономикасынын тез өсүшү жана климаттын өзгөрүүсү себеп болуп жатканын маалымат жыйынында билдирген.
Анын айтымында, калктын өсүшү да өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талапты жогорулаткан.
Ошол эле учурда Энергетика министрлигинин башчысы ГЭСтердеги энергиянын жетишсиздигине суунун жетишсиздиги да себеп болууда, деп баса белгилеген.



















