Индияда Sresan Pharmaceuticals компаниясы чыгарган Coldrif жөтөл сиробун ичкенден кийин кеминде 20 баланын набыт болушунан кийин, Индиянын бийлиги кооптуу делген тизмеге жөтөлгө каршы дагы эки сироптун маркасын кошту.
Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Индиядан Coldrif жөтөл сиробунун экспорту боюнча маалыматтарды сурагандыгын Рemedium.ru басылмасмы жазды.
“Учурда уулуу ингредиент бар продукциялар башка өлкөлөргө экспорттолгонбу же жокпу, иликтеп жатышат”,- деп айтылат маалыматта.
Расмий органдардын билдирүүсүнө караганда, балдардын өлүмүнө жөтөлдүн сиропторунун курамындагы уулуу диэтиленгликоль себеп болгон.
“Продукцияларда анын концентрациясы коопсуз чектен дээрлик 500 эсе жогору болгон. Бардык өлүмдөр Coldrif жөтөл сиробуна байланыштуу. Лабораториялык изилдөөлөр диэтиленгликолдун коркунучтуу деңгээлин тастыктагандан кийин дароо 2-октябрда дарыга тыюу салынган”,- деп жазды агенттик.
Индиянын жөнгө салуучулары дагы эки жөтөл сиробун — Respifresh жана RELIFE — кооптуу деп жарыяланды. Алардын курамында диэтиленгликол да бар.
Гуджарат жана башка штаттардагы бийликтердин расмий эскертүүсүндө диэтиленгликол катуу ууланууга, анын ичинде бөйрөк жетишсиздигине, неврологиялык кыйынчылыктарга, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул айрыкча жаш балдар үчүн өзгөчө кооптуу.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Нью-Делиден сироптордун башка өлкөлөргө экспорттолушу боюнча маалымат сурады.
Hindustan Times гезитине шилтеме берип ТАССтын жазганына караганда, Тамилнад штатынын бийликтери Sresan Pharmaceuticals ишканасын жапкан.
“Компаниянын жетекчилигине адам өлтүрүү, дары-дармектерди жасалмалоо жана Фармацевтикалык продукциялар жөнүндөгү мыйзамды бузган деген айыптар тагылган. Борбордук дары-дармектерди стандарттык көзөмөлдөө органы Coldrif лицензиясын жокко чыгарууну сунуштады. Индиянын Махараштра, Уттар-Прадеш, Раджастхан жана Уттаракханд штаттарынын өкмөттөрү аны сатууга жана пайдаланууга тыюу салышты”,- деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө сиропту өндүрүүдө 300дөн ашык одоно мыйзам бузууларды аныкталган.
















