Казакстанда иш сапары менен жүргөн Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф 31-январда “Digital Almaty 2025” эл аралык санариптик форумунун алкагында санариптик экономика жана жасалма интеллект экономикасы жаатындагы 5 сунушун атады.
Ал санариптик чөйрөнү жана жасалма интеллект экономикасын көзөмөлдөө үчүн бир тараптуулукка каршы туруу зарылдыгын белгилеп, санариптик экономика чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын пайдалануу үчүн биргелешкен санарип продуктуларын жана жасалма интеллект куралдарын иштеп чыгууда кызматташууга чакырды.
Тактап айтканда Ирандын Биринчи вице-президенти төмөнкү сунуштарды киргизди:
- коммуникация инфраструктурасын бириктирүү;
- санариптик экономика трамагында мыйзамдарды интеграциялоо жана жөнгө салууну жөнөкөйлөштүрүү;
- биргелешкен платформаларды түзүү жана өнүктүрүүдө кызматташуу;
- санариптик чөйрөнү жана жасалма интеллект экономикасын көзөмөлдөө үчүн бир тараптуулукка каршы туруу;
- санариптик экономика чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын пайдалануу үчүн биргелешкен санарип продуктуларын жана жасалма интеллект куралдарын иштеп чыгуу.
Ареф ошондой эле Иран жана аймактык өлкөлөр интеграция жана кызматташтык аркылуу жаңы санариптик жана өнөр жай доорунун пайдубалын түптөй турган учур келгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, “Digital Almaty 2025” эл аралык санариптик форуму 31-февралдан 1-февралга чейин Алматы шаарында “Идеяларды бириктир, өзгөрүүлөрдү жарат” урааны астында өтүүдө.
Форумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, тармактын лидерлери, IT жана бизнес тармагындагы алдыңкы новаторлор катышууда. Форумдун катышуучулары санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү заманбап тенденцияларды, аларды социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле экономиканын жана инновациянын реалдуу секторунда жаңы технологияларды колдонуунун ийгиликтүү мисалдарын талкуулашат.
Анын алкагында Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) кесиптештери менен бирге «Digital Almaty 2025» санариптик долбоорлордун көргөзмөсүнө барды.
Көргөзмө менен таанышууга Арефтен тышкары, Казакстандын премьер-министрлери Олжас Бектенов, Беларустун премьер-министрлери Роман Головченко, Кыргызстандын МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Архипов, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.















