• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
37 Категория: Дайджест - Published: 14/04 - 11:28

АКШнын тамак-ашка жана дары-дармектерге санитардык көзөмөл башкармалыгы коронавируска каршы "Johnson & Johnson" компаниясы чыгарган вакцинаны пайдаланууну токтотууну штаттарга сунуштады.

Буга аталган вакцина менен эмделген алты аялда тромбофилиянын сейрек түрү өнүгө баштаганы негиз берген.


"Johnson & Johnson" чыгарган вакцинаны колдонууга февралда уруксат берилген. Илимий изилдөөлөр анын натыйжалуулугун 66% деп көрсөткөн. Бул вакцинанын башкалардан өзгөчөлүгү - бир гана жолу эмдөөнү талап кылат.

12-апрелге карата вакцина менен АКШда 6,8 млн. адам эмделген. 10-апрелде дары-дармектер боюнча Европа агенттиги "Johnson & Johnson" вакцинасын саюудан тромб пайда болгон төрт учурду иликтеп жатат.

Мурдараак ушундай эле негиз менен дагы бир вакцина - Британияда өндүрүлгөн "AstraZeneca" менен эмдөө токтотулган.

Британ өкмөтү бул вакцинаны жашы отузга чейинки адамдарга сайбоону чечкен. Европадагы ооруканалар "AstraZeneca" менен эмдөөнү улантышууда. Еврбиримдик вакцинанын пайдасы тобокелдикке караганда көбүрөөк экенин белгилеген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматына караганда, коронавируска чалдыккан адамдардын саны жалпы планетада 138 млн. ашты. Дээрлик 3 млн. (2,971,864) адам оорудан кайтыш болду. 111,032,185 киши айыгып чыкты.

Калкынын 32 млн. ашууну ооруга чалдыккан АКШ ооругандардын саны жагынан дүйнөдө 1-орунга чыкты. Андан кийинки орунда Индия жана Бразилия турат.

https://www.azattyk.org/a/31202684.html

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети