• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1032 Категория: Дайджест - Published: 27/01 - 16:15

БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Бишкекте коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатуу планын дифференцияланган (ар башка) тарифти эске алуу менен гана ишке ашыруу каралып жатканын бүгүн 27-январда “Азаттык” радиосуна Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени накталай эмес төлөгөн жүргүнчүлөр үчүн азыркыдай эле тариф кала берет, социалдык жеңилдиги барлар үчүн да тариф жогорулабайт .

Нусувалиев тарифти көтөрүү азырынча сунуш гана экенин, бир ай коомдук талкуудан, шаардык кеңештен өтүп, алымча-кошумчалар болорун белгиледи:

“Электрондук жол менен, “Тулпар” “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу төлөсө 11 сом бойдон эле калат. Эгер накталай акча менен төлөсө, анда 15 сом болот деп сунуштап жатабыз. Ал эми микроавтобустарда түнкү тариф киргизип жатканыбыздын себеби – жумушу кеч бүтүп, аргасыздан кымбат баага такси чакырууга мажбур болгондор көп кайрылган. Бул үчүн түнкүсүн каттай турган кичи автобустардын саны көбөйтүлөт”.

Бишкек шаардык кеңешинин жол кире тууралуу мындан туура 10 жыл мурда кабыл алынган токтомун өзгөртүү жөнүндөгү сунуш коомдук талкууга быйыл 25-январда чыгарылды. Мэрия өзүнүн сунушунда тарифти өзгөртүүгө “Эксплуатациялык чыгымдар жана инфляция деңгээли” негиз экенин белгиледи.

Автобус-троллейбустун жол киресин азыркы 11 сомдун ордуна 15 сом, маршруттук кичи автобустардыкын азыркы 15 сомдон 21 сомго (таңкы 6дан кечки 9га чейин) жана 32 сомго (кечки 9дан таңкы 6га чейин) жогорулатуу сунушталып жатат. Мындан тышкары беш багытта экспресс-маршрут (аялдамаларга токтобой айдай турган) ачып, жол киресин 22-32 сом кылуу сунушталууда.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус 8 каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетип жатат.

Шаарды кичи автобустардан арылтып, коомдук транспортту иретке келтирүү талабы көптөн бери айтылып келет.

Калаа бийлиги бул үчүн кеминде 1500 автобус керек экенин билдирүүдө.

Азыркы тапта шаарды заманбап автобустар менен камсыздоо багытында бир катар иштер жүрүүдө. (RK)

Булак: Азаттык.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети