Eurasiatoday
Ишемби, 09-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Депутат Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

  • Кыргызстан, Саясат
  • 11.05.2023 06:58

Loading

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке какты.

Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес.

Тема боюнча:

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023

Талкуу маалында бир катар депутаттар жагдайдан чыгуу үчүн Конституцияны өзгөртүү тууралуу сунуштарды айтты.

“Акылбек Жапаровдун отставкасы көйгөйдү чечпейт. Келгиле, Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайлы. Муну өлкөнүн келечеги үчүн жасашыбыз керек. Депутаттар да, министрлер кабинети да, президент да ант бергенбиз. Баарыбыз чогулуп, Конституциядагы маселелерди карап чыгышыбыз керек. Баш мыйзамдагы каталар үчүн уялуунун кереги жок”, – деди депутат Мирлан Самыйкожо.

“Бүтүн Кыргызстан” өткөн айда өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетирүүнү сунуштаган жана мындай чечимге Министрлер кабинетинини Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

Сөз болгон беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

Министрлер кабинети ушул беренени чечмелеп берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылганы Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгон. Депутат Адахан Мадумаров бул аракетти сынга алып, “пенсиялар, жөлөк пулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деген Баш мыйзамдын талабын өкмөт сөзсүз аткарышы керектигин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча жооп берип жатып, бул кайрылуу Конституциядагы 44-беренени туура чечмелөө үчүн берилгенин, бул ишти аталган сот гана аткарарын билдирген. Ал социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жатканынын себебин өкмөттүн алына, экономикалык шартка байланыштырган.

Мадумаров бул талап жазылган Конституцияны азыркы бийлик өзү киргизгенин эске салып, өкмөт аны аткара албаса, кызматтан кетиши керектигин билдирген. Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги шартка жараша айлык, социалдык төлөмдөрдү көтөрүп жатканын маалымдап, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Конституциялык сот 19-апрелде бул беренени чечмелеген чечим кабыл алды. Анда “пенсиянын, жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын көлөмү экономиканын абалынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды экенин” белгилеп, жогорудагы берене “кынтыксыз аткарыла турган милдеттеме эмес” деп тапкан. Соттук коллегия беренедеги бул пункттагы айтылган нерсе “мамлекеттин конституциялык деңгээлде бекитилген максаты жана мүдөөсү катары каралышы керек” деп эсептей турганын билдирген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Баш мыйзамКыргызстанМирлан Самыйкожоөзгөртүүсунуш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Өзбекстандык эки компания Ноокенде ири текстиль фабрикасын курат

Өзбекстандык эки компания Ноокенде ири текстиль фабрикасын курат

30.11.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023
Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

30.11.2023
Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

29.11.2023
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

29.11.2023
ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.