Тажикстанда милиция кызматкерлери менен айыл тургундарынын мушташы боюнча сот башталды.
Тажикстандын Истаравшан шаардык сотунда Лакат айылынын тургундары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мушташка байланыштуу козголгон кылмыш иши карала баштады. Судья алгачкы сот отурумуна журналисттерди киргизген жок.
Лакат айылындагы окуя быйыл май айында болгон. Анда айыл тургундары жашы жете элек кызды коргоп чыгышканын билдиришкен. Алардын айтымында, үч милиционер кызды айнектери караңгылатылган унаага салып, ээн жерге алып кетишкен. Кыз кыйкыра баштаганда, аны талаада иштеген кошуналары угушкан. Алар милициянын унаасын курчоого алып, секелекти бошотууну талап кылып, бул учурду видеого тартып алышкан. Видео социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жаратып, айрымдары милиция кызматкерлерин кармап, жоопко тартууну талап кылышкан.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери кызды күч менен кармаган деген маалыматты четке кагып, Лакат айылынын тургундары үч милиция кызматкерин сабап, тергөө иштерине тоскоолдук кылышканын билдирген. Талаада милиция кызматкерлери эмнени иликтешкенин ал кезде Ички иштер министрлиги түшүндүргөн эмес.
Бул иш боюнча Лакат айылынын төрт тургунуна айып тагылып, үч милиция кызматкери жана алар менен автоунаада жүргөн аял жабырлануучу деп табылган.
Сот отурумуна милиция кызматкерлеринин асылуусуна даттанган секелек кыз жана анын ата-энеси да катышты. Судья залга журналисттерден тышкары Лакат айылынын тургундарын жана соттолуучулардын туугандарын да киргизген жок.
Өткөн жумада Согд облусунун прокурору Фуркат Хожазода бул окуя Лакат айылында жашаган өспүрүмдүн аскердик милдеттен качышына байланыштуу болгонун билдирген.
“Милиция кызматкерлери жаш жигиттин сүйлөшкөн кызы бар экенин аныкташкан. Алар аны таап, милиция бөлүмүнө чакырышкан. Андан соң кыз менен бирге ошол учурда талаада иштеп жүргөн жигитине барышкан. Окуя да ошол жерде болгон”, – деген облус прокурору.
Бийлик айыл тургундарына бул темада журналисттер менен баарлашууга тыюу салган.