261 Категория: Узбекистан - Published: 25/10 - 10:08

БИШКЕК, 25-октябрь. — Eurasia Today. Кечээ, 24-октябрда  Өзбекстандын эгемен тарыхында алтынчы ирет президенттик шайлоо болуп өттү.

Атаандаштык жок өткөн шайлоодо учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин бийликке экинчи мөөнөткө келери күтүлүүдө. Андан башка оппозициячыл эмес партиялардан төрт талапкер ат салышкан. Ал эми оппозициялык үч партияга шайлоого катышууга же талапкер чыгарууга бийлик жол берген жок.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кечки саат 5ке карай добуш берген жарандардын саны 71,8% жеткенин билдирип, президенттик шайлоону өттү деп жарыялады.

Бүгүн, дүйшөмбү күнү шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгат.

35 миллион калкы бар мамлекетти Мирзиёев беш жыл башкарды. Ал диктатордук режим орногон өлкөнүн коңшулар менен мамилесин ондоп, жарандарарынын дин тутуу эркиндигин чектөөнү жумшартып, ондогон саясий туткундарды абактан чыгарып, чет элдик инвестицияларга жол ачты.

Коңшу өлкөдө мыйзам боюнча шайлоочулардын саны 33 пайыздан ашса шайлоо өттү деп эсептелет. Кайсы бир талапкер шайлоодо жеңишке жетиши үчүн ал добуштардын жарымынан көбүн алышы керек. Болбосо шайлоонун экинчи айлампасында эң көп добуш алган эки талапкер ат салышат.

Теги: