• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
590 Категория: Узбекистан - Published: 14/07 - 17:00

БИШКЕК, 14-июль. — Eurasia Today.  Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Хомиджон Ишматбеков эл аралык пресс-клубдагы жыйында мусулмандар вакцинаны өмүрүн коргой турган фактор катары Кудайдын батасы деп кабыл алышы керек деп билдирди.

Ал мекемеге "вакциналардын уруксат берилбеген заттардан жасалганы" тууралуу даттануулар түшкөнүн белгиледи.

Ишматбековдун айтымында, вакцина зыяндуу заттардан жасалган күндө да "бир зат башка бир абалга айлангандан кийин анын курамы өзгөрөт" деген эрежени сактоо керек.

"Эгер ал дары болсо, дарыга айланганга чейинки абалы өзгөрсө, анда ага көңүл бурбай деле койсо болот. Эгер адис аны дары катары сунуштаса, демек ал уруксат берилген (адал) болот деген жыйынтыкка келдик", - деди Ишматбеков.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдө 938 529 киши коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети