• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
71 Категория: Узбекистан - Published: 19/04 - 16:41

Ташкенттин Юнусабад районундагы мечиттердин имамдарынын тобу "жергиликтүү менталитетке моралдык жактан туура келбеген" сериалдарды жана тасмаларды телекөрсөтүүлөрдөн токтотууну сунушташты.

Бул тууралуу Юнусабад аймагынын администрациясынын (хокимият) басма сөз кызматы билдирди. Имамдар өз жүйөлөрүн район башчысы Жахонгир Ибрагимов менен үй-бүлөлөрдө ажырашуунун алдын алууга арналган жолугушууда келтиришти.

Ошондой эле бул жолугушуунун катышуучулары жаңы турмуш куруп жаткан жубайлар менен үч айлык окутууларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришип, мектеп программасына үй-бүлөлүк концепцияны өз алдынча сабак катары киргизүүнү сунуш кылышты.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр эң көп ажырашуу борбор калаанын жашоочуларына туура келген: жыл ичинде борбор калаада 3 899 түгөй ажырашкан.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда чет элдик сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салуу чакырыктары биринчи жолу жасалып жаткан жок. Буга чейин дагы Өзбекстандагы айрым диний ишмерлер түрк сериалдарынын көрсөтүлүшүнө каршы чыгышкан. “Аялдар жана кыздар өз кыялдарында түрк сериалдарындагы сулуу жигиттерди элестетишет. Социалдык тармактарда биздин кыздар актёрлорду түшүнөн көрүшкөнүн жазган көптөгөн комментарийлер бар. Күйөөсү бар аялдар түрк актерлорунун сүрөттөрү менен жүрүшөт. Мындай учурларда эмне болот? Бул "көк" балдардын төрөлүшүнө алып келет. Себеби, күйөөсү менен жакын мамиледе болуу учурунда аял өзүнүн оюнда чоочун адамды элестетет. Эркектер үчүн дагы ушуну айтууга болот, алар аялдарынын ордуна башка аялдарды элестетишет. Натыйжада, лесбиянка кыздар төрөлөт”, - деп билдирген борбор калаадагы “Мирза Юсуф” мечитинин имам-хатиби Рахматуллох Сайфутдинов 2018-жылдын 2-мартында жума кутбасында сүйлөгөн сөзүндө.

Мурда түрк сериалдарына тыюу президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы мамиленин начарлашына байланыштуу болгону айтылчу. Түркия менен тыгыз саясий, экономикалык жана маданий алакаларды орнотууга аракет кылган, президент Мирзиёевдин администрациясынын чет элдик, айрыкча түрк тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салуу чечиминин артында саясий себептер бар-жогу белгисиз.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.71
-0.07
EUR
103.10
+0.62
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.15
+0.49
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+21°C Ташкент

Соцсети