• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
201 Категория: Узбекистан - Published: 15/04 - 10:06

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө өлкөнүн бардык аймактарында биринчи кезекте эмдөөгө муктаж жарандардын арасында жүргүзүлүүдө.

Жакында Зарбдар аймагындагы Окар махалласында жашаган 1919-жылы туулган Суймахол-момо Зулимова коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өзбек басылмаларына шилтеме берүү менен “EurasiaToday” агенттиги маалымдайт.

13-апрелде аймакта 2680 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Жалпысынан 11514 адам вакцина алды. Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, вакцина алган жарандардан эч кандай арыз түшкөн жок.

Өзбекстанда COVID-19га каршы калкты эмдөө өнөктүгү 1-апрелде башталган. Эмдөөдө өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 жана британиялык AstraZeneca препараттары колдонулууда.

Ошондой эле орусиялык "Sputnik V" вакцинасын жеткирүү күтүлүүдө. Өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 85 мин 503кө жетти, 83 264 адам (98%) толугу менен айыкты. Ооруканадарда 1605 бейтап дарыланып жатат. Алардын 229у оор абалда, 104ү өтө оор абалда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети