475 Категория: Туркменистан - Published: 28/04 - 16:49

БИШКЕК, 28-апрель. — Eurasia Today. Ашхабадда аялдарга унаанын алдыңкы орундуктарына отурууга тыюу салынды.

Бул тууралуу «Turkmen.news» маалымат агенттиги бир нече булактарга таянуу менен маалымдады.

Аялдар унаанын арткы орундуктарына гана отура алышат. Айдоочунун жанында рулда аялдын атасы, агасы же күйөөсү болсо да, анын жанына отурууга тыюу салынды.
 
Ошол эле учурда арткы орундукта бир эле учурда эки гана жүргүнчү боло алат. Үчүнчү жүргүнчүнүн отуруусуна эмне себептен тыюу салынганы тактала элек.

Ошондой эле жаңы эрежелерди киргизүүнү ким демилгелегени белгисиз.

«Turkmen.news» МА билдиргендей, мындай тыюу салуулар Балканабадда да, Түркмөнбашыда да жок. Бирок Түркмөнстанда кыймыл эрежелери боюнча аялдарды басмырлоо биринчи жолу болуп жаткан жок.

Полиция 2017-жылдын аягында рулда аялдар отурган унааларды токтото баштап, айдоочуларга  кийинки жолкусунда айып пул салынаары эскертилген.

Кийинчерээк аялдардын айдоочулук күбөлүктөрү да алына баштаган.

Теги: