БИШКЕК, 18-апрель. — Eurasia Today. Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын аксакалы катары Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешине мүчө болуп шайланды.
Бул тууралуу аталган уюмдун сайты маалымдады.
Түркмөнстандын Халк Маслахаты улуу жыйынынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов 2019-жылдын сентябрь айында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата, ошондой эле жарандардын өтүнүчү боюнча Элдин ардактуу аксакалы наамына татыган.
Уюмдун катчылыгы Түркмөнстандын экс-президенти өзүнүн акылмандыгы, тажрыйбасы жана билими менен Аксакалдар кеңешинин баалуулуктарын мындан ары да байытып, уюмдун беделин жогорулатат деп эсептейт.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын ноябрында Түркмөнстан Түрк Кеңешине байкоочу катары кабыл алынган.