531 Категория: Туркменистан - Published: 29/11 - 10:52

БИШКЕК, 29-ноябрь. — Eurasia Today.  27-ноябрда Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенттери Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Бул тууралуу түркиялык “Sondakika” агенттиги билдирди.

Режеп Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) мамлекет башчыларынын саммитине барган. Эрдоагындын сапарын чагылдырган түрк басылмалары Эрдоган менен Бердымухамедовдун биргелешкен сүрөттөрүн жарыялашты.

Бул Түркмөнстандын биринчи айымы Огулгерек Бердымухамедованын ЖМКларга жарыяланган алгачкы расмий сүрөтү болуп саналат. Бердымухамедованын сүрөттөрү түркмөн маалымат каражаттары на жарыяланган жок.

Банкет учурундагы телерепортажда Бердымухамедовдун жубайы кадрга түшүп калган, бирок оператор ага көңүл бурган эмес.

Адатта, Гурбангулы Бердымухамедов телерепортаждарда балдарынын жана неберелеринин курчоосунда көп көрсөтүлөт, бирок анын жубайы дайыма кадр артында калат.

Теги: