• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
336 Категория: Туркменистан - Published: 22/07 - 10:07

БИШКЕК, 22-июль. — Eurasia Today.  Түркмөнстанда жол кырсыгынан каза болгон аскерлердин саны 30дан ашканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы Түркмөнстандын коргоо министрлигиндеги ишенимдүү булагына таянып маалымат таратты.

Ал буга чейин кабарлангандай 18 аскер эмес, 30дан ашык киши каза болгонун ырастаган.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы аскер адамдары отурган он КамАЗ колонна менен Бекревин гарнизонун көздөй баратканда болгон.
Аскерлер Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу аскердик парадга даярданып жаткан. Жол кырсыгы 18-июлда аскер колоннасы Курман айтка карата майрамдык зыяпаттан кайтып келе жатканда Бекревинде катталган.
Аскерлер «Элдик эс тутум» деген комплексте тамактанып, түштөн кийин кайрадан аскер бөлүгүнө кайткан. Аскер колоннасы дөңсөөдөн ылдый түшүп баратканда айдоочулардын бири рулду башкара албай чоң ылдамдык менен алдыда бараткан КамАЗды сүзүп, ал жолдон чыгып кеткен. Ал эми рулду башкара албай калган айдоочунун машинасы бир нече ирет аласалган. Анын кесепетинен эки КамАЗда отурган аскерлердин бардыгы жабыркаган.
Түркмөнстандын Коргоо министрлигине жакын башка бир булактар да маалыматты ырастады. Аласалып кеткен эки автоунаадан каза болгондордун саны 30дан ашып, дагы 20 чакты жоокер оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланды.
Ири жол кырсыгы болгон Бекревин көчөсү азыркы учурга чейин жабык турганы маалымдалды.
Күбөлөрдүн айтымында, үрөй учурган жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында жоокерлерден сырткары үч офицер да болгон. Эске салсак, кечээ, 21-июлда Түркмөнстандын Ооганстан менен чектеш аймагынан белгисиз жагдайда каза тапкан 18 жоокердин сөөгү алып келингендиги маалымдалган. Каза болгон жоокерлердин сөөгү табытка салынып келип, жакындарына аны ачууга тыюу салынган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети