152 Категория: Туркменистан - Published: 19/04 - 10:59

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедов кечээ, 18-апрелде 89 жаш курагында дүйнө салды.

Бул тууралуу “Тurkmen.news” басылмасына шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт. Анын өлүмүнүн себеби азырынча айтыла элек.

Белгилүү болгондой, Мяликгулы Бердымухамедович 1932-жылы 12-августта туулган. Ал Ички иштер министрлигинде подполковник болуп, отставкага чыккан. Ички иштер министрлигинде иштеген жылдары Мяликгулы Бердымухамедов Дашөгүз, Мары, Ашхабад шаарларында ар кандай кызматтарды аркалаган: топтун командири, отряддын башчысы, нөөмөттүк бөлүктү, кадрлар бөлүмүн жетектеген жана штаб башкаруучусу болгон. Анын ысымы бир катар объекттерге, анын ичинде аскер объекттерине ыйгарылган болчу.

Теги: