• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
122 Категория: Туркменистан - Published: 18/03 - 09:08

БИШКЕК, 18-март. — Eurasia Today. Түркмөнстандын Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан жакын арада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болоруна ишенерин билдирди.

Бул тууралуу ал 16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинде билдирди.

“Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, - деген Бердымухамедовдун сөзүн Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. 

Мындан тышкары, ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү колдогон.

Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.

Белгилей кетсек, 2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген ат менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болгон. 2019-жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирип, былтыр альянс Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган.

Түркмөнстан менен Венгрия азырынча байкоочу макамга ээ.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети