БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго армиянын генералы деген аскердик наам ыйгарылды.
Мындай маалыматты өлкөнүн мамлекеттик “Алтын доор” маалымат агенттиги жарыялады.
"Түркмөнстандын парламенти Конституциянын 81-беренесине ылайык, өлкө президенти, Куралдуу күчтөрдүн Жогорку командачысы Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедовго армиянын генералы аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алды", — деп айтылат өлкөнүн Межлисинин билдирүүсүндө.
Буга чейин Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук лидер болуп жарыяланып, анын ыйгарым укуктары да аныкталган.
Эми жаңы эрежелерге ылайык, ал өлкөнүн элине кайрылууга туруктуу укугу бар, ал Түркмөнстандын парламентинин жыйындарында, ошондой эле саясий партиялардын жыйындарында жана съезддеринде сүйлөй алат.
Эске салсак, Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматтан 2022-жылдын март айында кеткен. Ал Түркмөнстандын президенти болуп, 2007-жылдын 14-февралында дайындалып, өлкөнү 15 жыл башкарган.
Ал президенттик кызматтан кеткен соң, бийлик башына анын уулу Сердар Бердымухамедов келген.
Валюта курсу
Аба ырайы