• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
652 Категория: Таджикистан - Published: 17/05 - 17:40

БИШКЕК, 17-май. — Eurasia Today. Иран Тажикстандын борбору Душанбе шаарында “Ababil 2” учкучсуз учактарын чыгаруучу завод ачты.

Бул тууралуу иран басылмалары жазды.

Иш-чара бүгүн эртең менен Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мухаммед Багеринин, Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзонун, ошондой эле эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн тобунун катышуусунда өттү.

Завод эки өлкөнүн биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүүнүн алкагында ачылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ирандын генералы Мухаммед Багери Иран Ислам Республикасы өзүнүн адистери жана окумуштууларынын аракети жана ички мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен аскердик жана коргонуу жаатында, өзгөчө учкучсуз учактарды өндүрүүдө олуттуу өсүүгө жетише алганын белгиледи.

Ирандын Башкы штабынын башчысы Мухаммед Багери менен Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзо

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Иран ички керектөөлөрдү камсыз кылуудан тышкары, союздаш жана дос өлкөлөргө аскердик техникаларды экспорттой турган абалда.

Ирандык генерал Тажикстанда “Ababil 2” учкучсуз учактарын чыгаруучу заводдун ачылышын эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгындагы бурулуш учур катары сыпаттады.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети