• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
156 Категория: Таджикистан - Published: 21/07 - 15:32

БИШКЕК, 21-июль. — Eurasia Today. Качкындар үчүн убактылуу лагерь Жайхун районунда курулат.

Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусунда ооган качкындары үчүн убактылуу лагерь куруларын аймак башчысы Курбон Хакимзода билдирди.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги курулуш иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууда.
Хатлон облусунун төрагасы коңшу өлкөнүн жашоочуларына убактылуу башкалка берүү – ар бир тажикстандыктын адамдык парзы деп эсептейт.
Соңку күндөрү жүздөй ооганстандык, анын ичинде аскер кызматкерлери Хатлон облусуна качып келишкен.
"Биз аларды кабыл алып, эл аралык уюмдардын көмөгү менен чатыр жана ысык тамак менен камсыздадык. 94 киши чек арадан өтүп, Шамсиддин Шохин районуна келген", - деди Хакимзода.
Хатлон облусунун төрагасы качкындардын баары Кулябдагы аэропорттон мекенине жөнөтүлгөнүн айтат.
Акыркы айларда "Талибан" кыймылынын жоочуларынын чабуулунан тажик чек арасына 1500дөй  аскер кызматкери менен жай тургундар качып кирген.
Бул жагдай АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып, "Талибан" кыймылы күчөгөн маалга туура келди. Өткөн жумада Катардын борбору Дохада өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети