• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
373 Категория: Таджикистан - Published: 15/07 - 14:28

БИШКЕК, 15-июль. — Eurasia Today. Депутат Бейшеналы Нурдинов “Талибан” тобунун согушкерлеринен качып Ооганстандан Тажикстандын аймагына качып өткөн ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүнү сунуштады.

Бул тууралуу ал бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Б. Нурдинов президентке жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлдөрүн ооган кыргыздарына жардам берүүгө чакырып, “Ушул маселени президентке айтып, аларды биздин мамлекетке өткөрүп алганга аракет кылбайлыбы. Алар башпаанек издеп жатыптыр”, - деди.
Белгилей кетсек, Тажикстандын Чек ара кызматы 13-14-июль күндөрү Ооганстандан Тажикстанга 347 ооганстандык кыргыз өткөнүн билдирген. Алардын 91и эркек, 77си аял жана 177си жаш балдар экени айтылган.
Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен. Учурда алар Тажикстандын Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл аймагына жайгаштырылган.
Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын Улуу Памир жана Кичи Памир аймактарында 2 миңдей кыргыздар жашайт. Ошондой эле, Ооганстандын Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында да кыргыздар бар.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети