• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1502 Категория: Таджикистан - Published: 30/04 - 12:19

БИШКЕК, 30-апрель. — Eurasia Today.Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды.

«Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады.

Бул тууралуу “Полит Клиника” сайты жарыялады.

Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз»,- деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жазган.

Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коңшуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын»,- деген чакырыктар айтылган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети