• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
65 Категория: Кыргызстан - Published: 18/09 - 09:24

БИШКЕК, 17-сентябрь. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-17-сентябрда  иш сапары менен Тажикстан Республикасында болуп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.

ЖККУ саммитинде уюмдун катышуучу-мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин жана алардын ЖККУга мүчө-мамлекеттерге тийгизген таасирин талкуулашты. Талкуунун маанилүү маселелеринин бири Афганстандагы кырдаал жана анын уюмга мүчө-мамлекеттерге тийгизген таасири болду.

ЖККУ саммитинин жыйынтыгы боюнча уюмдун мүчө-мамлекеттеринин декларациясы кабыл алынып жана бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Уюмдун 20 жылдыгына арналган ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунда, катышуучу-өлкө лидерлери уюмдун бул мезгилдеги негизги жыйынтыктарын, ШКУ алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана перспективасын, пандемиянын кесепеттерин биргелешип жойуу боюнча кадамдарын, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жыйын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары ШКУ курамын кеңейтүү боюнча чечим кабыл алышып, уюмдун ырааттуу өнүгүүсүнө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Мындан сырткары, Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекет делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышты.

Белгилей кетсек, ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өттү.

Иш сапары аяктаган соң, Президент Садыр Жапаров  17-сентябрда, «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук  фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди.

 

 

 

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
-1°C Дүйшөмбү
 0°C Ашхабад
-13°C Ташкент

Соцсети