• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
252 Категория: Кыргызстан - Published: 21/07 - 13:36

БИШКЕК, 21-июль. — Eurasia Today. Бириккен Улуттар Уюму 2100-жылы Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйөрүн божомолдоду.

Бул тууралуу уюмдун маалыматына шилтеме берүү менен "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналына жазды.
БУУнун божомолдоосуна ылайык, мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттедин ичинен калкынын санынын өсүшү боюнча Тажикстан алдыга озуп чыгат. Коңшу өлкөнүн калкынын саны 172 пайызга өсөт. Андан кийин, экинчи орунда Кыргызстан жайгашса (+71 %), үчүнчү орунда Казакстан (+50 %), төртүнчүдө Түркмөнстан (+42 %) жана бешинчи орунда Өзбекстан (+28 %) турат.
Ошондой эле, уюмдун адистери 2100-жылы Молдова, Украина, Литва жана Латвия өлкөлөрүнүн калкынын саны эки эсеге кыскарышы мүмкүн экенин болжошууда.
Буга чейин, Улуттук статистика комитети 2020-жылы Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи кескин төмөдөп кеткени маалымдаган. Соңку убакта калктын санынын өсүү темпи жылына 2-2,1 пайыз болуп турган. 2020-жылы бул көрсөткүч 1,7 пайызга түшүп кеткен.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын калкынын саны 6,6 миллионду түзөт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети