• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
230 Категория: Кыргызстан - Published: 13/07 - 11:51

БИШКЕК, 13-июль. — Eurasia Today. Аксы районунда сел жүрүп, 8 адам каза тапты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сел агызган сегиз адамдын ичинен алтоонун сөөгү табылды. Эки жаш баланын сөөгү табыла элек. Сел Таштак айылынан беш жаштагы баланы жана Жолборсту айылынан үч жаштагы кызды да агызып кеткен.
Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагын сел каптаган. Алгач Ак-Жол айыл өкмөтү жети кишини суу агызып кеткенин билдирген.
Маалыматка караганда, Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында саат 18:00 чамасында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол жана Таштак айылынын турак-үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Мал-Калды жайлоосуна баруучу ички жолдордогу ички чарбалык көпүрөлөрдү алып кеткен.
Кырсык болгон аймакка ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы капитан Тойчубековдун жетекчилигинде ыкчам тобунан 5 куткаруучу, Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 20 куткаруучу жалпы 25 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында, саат 23:40 чамасында 6 адамдын жансыз денелери табылган. 5 жана 3 жаштагы балдардын сөөгү табыла элек.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети