• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
90 Категория: Кыргызстан - Published: 04/05 - 14:09

БИШКЕК, 4-май. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эртең, 5-майда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.

Иш-чарага  мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 10: 00дө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети