• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
82 Категория: Кыргызстан - Published: 03/05 - 16:11

БИШКЕК, 3-май. — Eurasia Today.  Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 4 жаштагы баланын каза болгонун ырастады. 

Буга чейин Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Барчын Аманова 29-апрелде Арка айылынын тургундары тажик тараптын аткылоолорунан коркуп, тоону көздөй качып жөнөшкөнүн билдирген.

“Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй, экинчи наристесин бооруна кысып эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы да, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп, агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп, кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип, табылбай калмак экен”, - деп жазган ал.

Турсунбаев Абидин 1-июнда 5 жашка толмок.

Белгилей кетсек, Лейлекте сууга чөгүп кеткен бала тууралуу маалымат 30-апрелде айтылган. Бирок расмий органдардын бири дагы ал фактыны тастыктай элек болчу.

Чек ара жаңжалынан кыргыз тараптан 183 киши жаракат алып, каза тапкандардын саны 36га жетти.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети