• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
300 Категория: Кыргызстан - Published: 30/04 - 15:08

БИШКЕК, 30-апрель. — Eurasia Today.  Кечээ, 29-апрелде Тажикстандын аскерлери “Ми-24” тик учагы менен Баткендин Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймагына ок чыгарган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын аскер кызматкерлери ошондой эле Кыргызстандын чек ара заставаларын жана чек ара бекеттерин аткылаган.

Буга чейин УКМК чек арадагы жаңжалдан улам Кыргызстандын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын үч аскери каза болуп, 20 жоокер жаракат алганын маалымдаган. Эки аскер кызматкеринин абалы оор экендиги айтылган.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы жаңжал чыккан аймактагы кырдаал туруктуу, бирок курч бойдон калууда экенин жана  Лейлек районунда мезгили-мезгили менен атышуулар орун алууда деп билдирген.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. 29-апрелде эки тарап бири-бирине ок чыгара баштаган.

Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады. Тажик тараптан 10го жакын адам жараат алганы 29-апрелде кабарланган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети