• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
177 Категория: Кыргызстан - Published: 19/04 - 13:05

Кыргызстанда бир сутка ичинде 221 кишиден коронавирус аныкталды жана алты адам көз жумду.

Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлаганын "Eurasia Today" агенттиги маалымдайт.

Акыркы бир сутка ичинде катталган 221 жаңы учурда 152си Бишкек шаарында катталган. Ош шаарында 4, Чүй облусунда 22, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 12, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абад облусунда 2 учур катталды. Талас жана Баткен облустарында жаңы учурлар катталган жок.

Ал эми бир сутка ичинде айыгып чыккандардын жалпы саны 149 адам. Илдеттен Бишкек шаарында 2 адам жана Чүй облусунда 4 адам каза болуп, акыркы бир сутка ичинде каза болгондор боюнча 6 учур катталды.

COVID-19 боюнча штабдан билдиргендей, стационарда 1246 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 53 бейтаптын абалы “өтө оор”, 311 бейтаптын абалы “оор”, 851инин абалы “орточо оор” жана 31 адамдын абалы “канааттандырарлык” деп айтылууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.71
-0.07
EUR
103.10
+0.62
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.15
+0.49
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+21°C Ташкент

Соцсети