• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
260 Категория: Кыргызстан - Published: 15/04 - 11:36

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 305 учур катталып, 6 бейтап көз жумду.

Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штаб билдиргенин “EurasiaToday” агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган 305 учурдун эң көбү, 186сы Бишкекте, 89у Чүй облусунда катталса, Ош шаарында - 7, Ысык-Көл облусунда - 12, Нарын облусунда -1, Баткен облусунда - 2, Жалал-Абад - 4 жана бир нече жумадан бери жаңы учурлар каттала элек Талас облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы бир сутка ичинде илдеттен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2 бейтап көз жумду. 2020-жылдын март айынан бери каза болгондордун жалпы саны 1540 адамга жетти.

Учурда Түркияда дагы Covid-19 менен ооругандардын саны кескин өсүп жатканы маалымдалууда. Акыркы төрт күндүн ичинде өлкөдө 200 миңдей кишиден жаңы учурлар аныкталган.

Кечээ, шаршемби күнү Бишкек шаардык мэриясы 9-апрелге чейин борбор калаада 22 мектеп окуучусунан жана 16 мугалимден коронавирус табылгандыгы лабораториялык жактан тастыкталганын кабарлаганын “Азаттык” маалымдаган. Буга байланыштуу жети мектептеги 11 класс аралыктан окутууга өткөрүлгөн.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети