БИШКЕК, 16-март. — Eurasia Today. Кечээ, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окууда жактылырыды.
Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.
Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова белгилегендей, мындай макулдашууга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.
Макулдашуунун алкагындагы долбоор үч этап менен ишке ашырылат:
- Кыргызстанда 500 жаңы жумуш ордун түзүү менен 10 000 даанага чейин автоунаа өндүрүшүн SKD (ири түйүндүү чогултуу) методу менен уюштуруу;
- 1000 жаңы жумуш ордун түзүү менен 4-5 жылга 20 000 даана автомобилдерди чыгаруу жана автокомпоненттерди өндүрүү;
- SKD өндүрүшүнөн кийин 6-жылы СKD (майда түйүндүү чогултуу) өндүрүшүн уюштуруу, бардыгы 30 000 бирдик автомобиль.
Валюта курсу
Аба ырайы