• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
41 Категория: Кыргызстан - Published: 27/01 - 10:06

БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Талас облусунун Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, Талас районунун Р.Айдаралиев айыл аймагына караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган.

Мындан улам 26-январда Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы-аким, ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын жетекчилик курамы, “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте Көпүрө-Базар айылында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, облустук ЖК кызматтарын тартуу чечимин кабыл алышкан.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу үчүн бир канча топ иш алып барууда. Ошондой эле, "Кызыл ай" коому муз тазалап иштегендерге үч күндүк ысык тамагын уюштурууда.

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, отканаларга суу толук келбей жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураган. Мындан улам Майлы-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми 25-январдан тарта, таза суу кадимки режимде бериле баштаган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети