43
Категория: Казахстан -
Published: 03/06 - 11:40
БИШКЕК, 3-июнь. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө бурулду.
Улукбек Марипов Элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.
Валюта курсу
IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32
Аба ырайы
+34°C
Тегеран
+20°C
Москва
+15°C
Нур-Султан
+30°C
Бишкек
+27°C
Алматы
+36°C
Дүйшөмбү
+36°C
Ашхабад
+34°C
Ташкент