• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
368 Категория: Центральная Азия - Published: 14/07 - 18:45

БИШКЕК, 14-июль. — Eurasia Today. 13-июль күнү Талибан согушкерлеринин куугунтуктоосунан качып 77 ооганстандык кыргыз Тажикстандын аймагына өттү.

Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы маалымдаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстанда күч алып жаткан «Талибан» кыймылынан сактануу үчүн Тажикстанга өткөн ооганстандык кыргыздар Мургаб районунун Андемин жана Чештеб аймагына жайгаштырылган. Алар өздөрү менен кошо 1000 баш кой-эчки, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы айдай келишкен.

Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон уездинин Андемин кыштагынын тургундары болушат жана 13-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө Тажикстандын аймагына өткөн. Алардын ичинде 26 эркек, 20 аял жана 31 бала бар экени айтылууда.

Белгилей кетсек, тажик чек арачылары ооганстандык кыргыздардын Тажикстандын аймагына өтүүсүнө тоскоолдук кылышкан эмес.

Бүгүн, 14-июлда дагы 51 ооган жараны Тажикстандын аймагына өткөнү маалымдалды. Бирок, алардын улуту тууралуу маалымат бериле элек.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети