• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
484 Категория: Центральная Азия - Published: 04/05 - 16:17

БИШКЕК, 4-май. — Eurasia Today. Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 19-20-майда Душанбеге барат.

Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

“19-20-май күндөрү Касым-Жомарт Токаев президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстан Республикасына расмий иш сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары  чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилет”, - деп жазды Уали.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр учурунда аймактык кооперацияны жандандырууга, Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылууга  өзгөчө көңүл бурулат.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаровго телефон чалып сүйлөшүп, чек ара жаңжалында курман болгондорго байланыштуу Кыргызстанга көңүл айткан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети