14 Категория: Центральная Азия - Published: 08/04 - 10:01

Иран ТИМнини жетекчиси Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон иш сапарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга барды.

Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, Иран ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф, Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон иш сапарынын алкагында 7-апрелде Казакстандын жетекчилери менен жолугушту.
Иран менен Казакстандын эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулгандыгын баса белгилеген Зариф: "Бизди эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана тарыхый жамаат, саясий жана экономикалык тилектештик байланыштырып турат",-деди.
Билдирүүгө ылайык, Иран ТИМ жетекчиси, Казакстандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушуудан кийин, Казакстандын өкмөтүнө жана элине меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, маанилүү аймактык жана эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүүлөр абдан жакшы деңгээлде өткөнүн айтты.
Белгилей кетсек, Бул жолугушууларда Иран менен Казакстан жана башка коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы темир жол транспорту жана транзиттик жолдор, ошондой эле аймактык кеңейтүү зарылчылыгы жана эл аралык байланыш каттамдары олуттуу талкууланды.
Ошондой эле, 7-апрелде Мухаммад Жавад Зариф, өнүгүп келе жаткан сегиз өлкөнүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (D8) тышкы иштер министрлеринин 19-виртуалдык жолугушуусунда Нур-Султан шаарында сөз сүйлөдү.
Эске салсак, өнүгүп келе жаткан Сегиз Өлкөнүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (D8) Тышкы иштер министрлеринин жыйыны Бангладештин Тышкы иштер министринин төрагалыгы астында өтүп, ага Египет, Индонезия, Иран Ислам Республикасы, Малайзия, Нигерия, Пакистан жана Түркиянын тышкы иштер министрлери катышты .
Ал эми, D8 лидерлеринин виртуалдык жолугушуусу эртең Бангладештин премьер-министри төрагалык кылган Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусунда өтөт.

Теги: